Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россия Президенти Владимир Путин “Борбор-2019” аскердик машыгууларды биргелешип көрүштү
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда, «Борбор-2019» стратегиялык командалык-штабдык машыгууларынын активдүү фазасына барды.
Оренбург шаарынын эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбековду Оренбург облусунун губернатору Денис Паслер тосуп алды. Андан ары Президент Сооронбай Жээнбеков «Донгуз» машыгуу талаасына барып, ал жактан Россия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу тосуп алды.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Донгуз» машыгуу талаасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскер топторунун жана Россия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскердик түзүмдөрүнүн катышуусунда «Борбор-2019» аскердик машыгуулардын жүрүшүн алкагында биргелешкен практикалык иш-аракеттерин биргеликте көрүштү.
Чабуулга туруштук берүү, шарттуу каршылаштын күчтөрүнүн мизин кайтаруу, чабуулга өтүү жана душмандын башкы күчтөрүн талкалоо боюнча биргелешкен аракеттер көрүлдү.
Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана «Борбор-2019» машыгуусуна катышуучу өлкөлөрдүн аскер атташелери катышты.
Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин ошондой эле согуштук жана аскердик техникалардын көргөзмөсүн көрүштү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









