Керри Москвага барат
АКШнын мамкатчысы Жон Керри бул жумада Москвага барып, Орусиянын жогорку расмий адамдары менен жолугат. Дүйшөмбүдө АКШнын мамдепартаменти билдиргендей, тараптар Сирия, Украина жана Тоолуу Карабактагы Армения менен Азербайжандын ортосундагы тирешүү боюнча сүйлөшөт.
Керри Бастилияны алган күндү майрамдоо үчүн Францияга сапар жасап, Москвага 14-15-июлда келет. Мамлекеттик департамент Керри кимдер менен жолуга турганын тактаган жок.
Сапар боюнча АКШ президенти Барак Обама жана Орусия башчысы Владимир Путин 7-июлда телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашылган. Өлкө жетекчилери Сириядагы абалды, Украинадагы каатчылыкты жана Тоолуу Карабактагы араздашууну талкуулашкан.
Москвадан кийин Керри Люксембургга, андан ары Брюсселге барууну көздөөдө. Ал жакта мамкатчы Евробиримдиктин дипломатия башчысы Федерика Могерини менен тышкы саясаттын негизги артыкчылыктарын талкуулайт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12