KELECHEK
rek

Кыргыз-орус президенттери аймактагы коопсуздукту талкуулашат

Кыргыз-орус президенттери аймактагы коопсуздукту талкуулашат

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы өлкөлөрдүн аскердик бөлүктөрүнүн «Борбор-2019» аттуу биргелешкен машыгуулары өтүп жаткан Орусиянын Оренбург шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчы Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен бара турганын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Оренбургда куралдуу күчтөрдүн кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтөт. Мунун алкагында Кыргызстандын жана Орусиянын башчылары жолугушуу өткөрүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин да талкуулашат.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, эки өлкөнүн төрт аскери курман болду.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

Кыргызстан менен Тажикстан Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болуп эсептелет. Ушундан улам айрым чет өлкөлүк маалымат каражаттары бул чатактагы Орусиянын ролу тууралуу кеп салып, ал тургай айрымдары ЖККУнун натыйжалуулугунан бир катар адистер күмөн санап жатышканын жарыялашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12