KELECHEK
rek

Самаркандда мыйзамсыз алтын казган эки киши урандынын алдында калды

Самаркандда мыйзамсыз алтын казган эки киши урандынын алдында калды

Самарканд облусундагы «Каракутан» кенинде өз алдынча алтын казып жүргөн эки киши урандынын алдында калып, мерт болду. Бул маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тастыктады.

«Азаттыктын» өзбек кызматы билдиргендей, окуя «Каракутан» кениндеги «Куш үйү» шахтасында болгон. Мыйзамсыз алтын издеп жүргөн үч кишини таш басып калган. 27 жана 30 жаштагы эки киши ошол замат мерт болгон, бирөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

«Каракутан» кени Навои тоо-металлургиялык комбинатына таандык. Мурда кендин шахталарынан алтын казылып келген. Учурда кен иштебей турат, шахталарга алып барчу жол жабылган.

Бирок мыйзамсыз түрдө алтын казган кишилер коопсуздук эрежелерин сактабай, өз алдынча баалуу металл издөө иштерин улантып келишет.

Самарканд облусунун Пахтачин районунда калктын басымдуу бөлүгү мыйзамсыз түрдө алтын казуу иштери менен алектенери айтылып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...