АКШ Эдвард Сноуденди китеби үчүн сотко берди
Эдвард Сноуден
Эдвард Сноудендин мемуары жарыкка чыккан соң АКШ ага каршы сотко жарандык арыз менен кайрылды.
Кошмо Штаттар Сноудендин китепти сатуудан түшкөн калем акысын алуусуна кедерги тийгизүүгө аракет жасоодо.
АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган маалыматка караганда, Кошмо Штаттар китептин жарыяланышына жана сатылышына чектөө киргизбейт, бирок аны сатуудан түшкөн пайданы мамлекеттин казнасына которууга ниеттенип жатат. Доо арызга Сноудендин Улуттук коопсуздук агенттиги менен Борбордук чалгын башкармалыгынын ортосундагы сыр сактоо келишимин бузганы негиз болгон.
Арызда Сноуден милдеттенмелерин бузуп, китепти келишимсиз жарыялаганы, америкалык чалгын кызматынын маалыматтарын көпчүлүккө таратканы айтылган.
Сноудендин Permanent Record китеби 17-сентябрда 20 өлкөдө жарыяланган.
АКШ улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери өз китебинде америкалык атайын кызматтар чет өлкө жарандарын, атүгүл президенттерин аңдууда электрондук ыкмаларды колдонгонун жазган. Ал бул системаны түзүүгө кандай жардам бергенин, 2013-жылы өлкөдөн эмне үчүн качып кеткенин жана жашыруун маалыматтарды жарыялаганын айткан.
Америкалык атайын кызматтын келишим боюнча иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылы АКШ жана Британиянын тыңчыларынын программалары тууралуу маалыматтарды Интернетке жарыялап жибергенден кийин мекенинен качып кеткен. Орусия ага убактылуу баш паанек берген.
АКШда ага бир нече айып тагылган, күнөөсү аныкталса, ал 30 жылга чейин соттолушу мүмкүн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









