Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта эки тараптан 20дай киши жаракат алды
Баткендин Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан улам Кыргызстан жалпысынан сегиз киши жарадар болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Максат айылына жакын жердеги атыштан эки чек ара кызматкери жана аталган айылдын алты тургуну жаракат алды. Алардын ичинде 14 жаштагы өспүрүм бар.
Жаракат алгандар Лейлек райондук ооруканасына жеткирилди. Алардын ичинен эки аскердин абалы өтө оор деп бааланууда, бири башынан жараат алса, экинчисине ок жаңылган.
Учурда Максат айылында төрт «Тез жардам» бригадасы иштеп жатат.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматка ылайык, бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок чыгарган. Анын кесепетинен Кыргызстандын бир чек арачысы каза болду. Ок атуу 21:30га карата токтогону кабарланды.
Ал эми Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун жана окуядан 12 адам тажик жараны жаракат алганын билдирүүдө. Тажикстандыктар Кыргызстандын жарандарына аталган жерде мыйзамсыз курулуш баштаганын эскертип, аны токтотууну талап кылышканы айтылат.
"Азаттык" үналгысы
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38