Жалал-Абад шаарында мушташка тиешеси бар делип 4 шектүү кармалып, 2 айга камакка алынды (ФОТО)
Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында, Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан жаңы ачылган «Дина» аттуу түнкү клубунун жанында, Базар-Коргон районунун тургуну 1993-ж.т. Б.М.ди өзүнө бейтааныш балдар пикир келишпестиктен зомбулук көрсөтүп, уруп коюшкан. Натыйжада Б.М. денесинен жараат алып Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факты Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Тергөө аракетинин жүрүшүндө 2019-жылдын 10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде шектүүлөргө карата кармоо токтомдору түзүлүп, Сузак районунун 1997-ж.т. тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 2 айга камакка алынган.
2019-жылдын 11-сентябрь күнү тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын квалификациясы КРнын ЖКнин 266-беренесинен (Ээнбаштык), 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) 2-б. 1,3-б. өзгөртүлгөн.
12-сентябрда бул окуяга тиешеси бар делип дагы бир Сузак районунун тургуну 1997-ж.т. Т.У. кармалып, 2 айга камакка алынган. Окуянын дагы бир катышуучусу Сузак районунун 1997-ж.т. тургуну С.А. “аталган окуядан жаракат алдым деп” Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасына дарыланууга жаткан. Кече, саат 20:00 чамаларда Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан бөгөт коюу чарасы 2 айга камакка алуу тандалып, Жалал-Абад ШИИБнин УКИне киргизилген.
Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин кээ бир ЖМКларда окуяга катыштыгы бар делген шектүүлөрдүн арасында учурдагы иштеп жаткан Сузак районундагы айыл өкмөт башчыларынын биринин уулу бар экен деген маалымат таратышкан. Бул маалыматты төгүндөп, учурда иштеп жаткан (действующий) бийлик өкүлүнүн, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында иштеген жетекчи же кызматкердин шектүүлөргө эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайбыз.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05