KELECHEK
rek

Мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү президент менен жолугушат

Мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү президент менен жолугушат

2010-жылдын апрель окуясынан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ишемби күнү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну пландап жатышат.

Бул маалыматты «Азаттыкка» мурдагы премьер-министр, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон Темир Сариев ырастады. Ал өлкө башчы менен жолугушуу президенттик аппараттын демилгеси экенин белгилеп, азырынча конкреттүү эмне маселе талкууланары беймаалым экенин айтты:

- Биз жолукканга чейин эле президенттик аппарат жолугуу боюнча демилге көтөргөн. Ишемби күнү чогулуп сүйлөшсөкпү деген ниетин баарыбыз кабыл алдык. 31-августта экс-президент, мурдагы өкмөт башчыларды чогултуп, дасторкон үстүндө сүйлөшүү болгон. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен да жолугуу ушул багытта болот го дейм. Бардык мүчөлөрдү чакырды, кимиси келерин айта албайм. Президент менен мамлекеттин багыты, социалдык-саясий-экономикалык абалы, чечилип-чечилбей жаткан маселелер, сунуштар тууралуу сөз болсо керек. Балким өзүнүн оюн айтып, маалымат алат.

10-сентябрда Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү үй камагына чыккан саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен учурашып, өлкөдөгү саясий абал жөнүндө пикир алышкан.

Ал жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Темир Сариев, Кенешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов катышкан.

Ал эми коомдук ишмер Топчубек Турганалиев менен парламент депутаты Иса Өмүркулов бул жыйынга барган эмес. Тургуналиев «Азаттык» радиосуна жолугушуу тууралуу маалыматы болбогонун билдирди. Ал эми Иса Өмүркуловдун келбеген себеби белгисиз.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12