Орусия НАТОдон түшүндүрмө күтөт
Москва Орусия-НАТО кеңешинин 13-июлдагы кеңешмесинде Түндүк атлантикалык альянстан анын пландары боюнча түшүндүрмө алууну көздөйт. Бул тууралуу жекшемби күнү орус тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Мунун ичинде НАТОнун Финляндия үчүн Балтика деңизинде абадан коргонууну жакшыртуу планы боюнча да түшүндүрмө алгысы келет.
НАТО 8-9 –июль күндөрү Варшавада өткөн саммитинде альянстын чыгыш флангын чыңдоо планын расмий бекитти.
Ага ылайык, Польша жана Балтикадагы үч өлкөгө кошумча төрт батальон аскер жайгаштырылат.
Аларды АКШ, Улуу Британия, Германия, Канада жетектейт.
НАТО ошондой эле Орусиянын абада жана деңизде аскерий активдүүлүгү күчөгөнүнө байланыштуу альянска мүчө эмес Финляндия жана Швеция менен коргонуу жаатында биргелешкен аскерий машыгуулар, маалымат алмашуу аркылуу кызматташтыкты күчөтүүнү мерчемдеп жатканын да билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12