KELECHEK
rek

Тажикстан төрөттүн санын азайтууну чечти

Тажикстан төрөттүн санын азайтууну чечти

Тажикстанда репродуктивдүү саламаттык боюнча мамлекеттик программа ишке кирди. Анын алкагында өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелердин баарын бойго бүтүрбөөчү каражаттар менен камсыздоого тийиш.

Дарыгерлер бейтапканага келгендерге күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактануунун жолдорун түшүндүрүп, жыныстык этика тууралуу айтып беришет.

Дүйнөлүк банктын адистери Тажикстандагы жакырчылыктын, жумушсуздуктун башкы себеби катары демографиялык көрсөткүчтөрдүн ыкчам жогорулашын атап келишет. Он жылда өлкөдөгү калктын саны 22% өскөн.

Тажикстандын репродуктивдүү саламаттык борборунун директору Мунира Ганизоданын айтымында, мамлекттик программанын максаты – калкка баланы төрөп гана койбой, тарбиялоо жана багуу зарылдыгын түшүндүрүү:

– Программаны иштеп чыгуунун алдында иликтөө жүргүзүп, көптөгөн көйгөйлөрдү аныктадык. Маселен, Тажикстандагы аялдардын 40% тез-тез төрөгөндүктөн, кош бойлуу кезде аз кандуулук менен жабыркайт. Ден соолугуна байланышуу баласын боюнан алдырууну чечкендер да көп. Бирок алар дарыгерлерге өтө кеч кайрылышат.

Медиктердин божомолунда бул мамлекеттик программа үч жыл ичинде 450 миң күтүүсүз бойго бүтүүнү токтотууга жардам берет. Калкынын саны 9 миллион Тажикстан үчүн бул чоң сан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38