Казакстан: Кытай менен биргелешкен 15 долбоор иштеп жатат
5-сентябрда Казакстан премьер-министринин орун басары Женис Касымбек учурда өлкөдө казак-кытай биргелешкен 15 долбоор иштеп жатканын билдирди.
Вице-премьердин айтымында, индустриализация программасынын алкагында жалпысынан 55 долбоор ачуу пландалууда:
— 3,9 миллиард долларга бааланган 15 долбоор айыл чарба, металлургия, химиялык өнөр жай, мунай жана газ, транспорт жана логистика тармактарында иштеп жатат. Бул долбоорлордун алкагында 4 миңден ашуун жумуш орундары түзүлдү. Жумушчулардын 95% – казакстандыктар.
Ал Jac автоунааларын чыгарып жаткан «СарыаркаАвтоПром» компаниясын мисал келтирди.
Казак өкмөтү жыл соңуна чейин дагы беш долбоорду ишке киргизүүнү пландоодо.
Женис Касымбек «Кытайдын эски заводдору Казакстан аймагына көчүрүлүп келүүдө» деген сөздөрдү четке кагып, долбоорлордун баары жаңы экенин кошумчалады.
2-сентябрда Жаңы-Өзөн шаарында жүздөгөн кишилер акимчилик имаратынын алдына чогулуп, агрокомплекс жана өнөр жай тармагында кытай-казак биргелешкен 55 ишкананын курулушуна каршы чыгышкан. Алар президент Касым-Жомарт Токаевден 11-12-сентябрда Кытайга пландалган сапарынан баш тартууну талап кылышкан. Каршылык акциялары 3-4-сентябрда да уланган.
Жаңы-Өзөн тургундарын Казакстандын башка шаарларынын активисттери да колдошкон.
Кытай Казакстанга эң көп инвестиция салган төрт мамлекеттин, ошондой эле эң көп карыз берген үч өлкөнүн бири. Нур-Султандын Кытайдын алдындагы жалпы карызы 12 миллиард доллардан ашык.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38