Президент Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө «Эрдик» медалын тапшырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 6-сентябрда, Үсөнбек Ниязбековдун апасы — Өктөм Мамаева, жубайы — Назира Базарбаева, бир тууганы — Асанбек Ниязбеков жана уулу — Тимур Ниязбеков менен жолугушту.
Мамлекет башчысы 2019-жылдын 7-августундагы окуяларда курман болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Ниязбековдун жакындарына көңүл айтып, Үсөнбек бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылуу, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти камсыздоого арнаганын белгиледи. Террористтик түзүмдөрдү жок кылуу боюнча бир катар операцияларга ийгииликтүү катышып, улуттук коопсуздук органдарынын ар түрдүү ведомстволук сыйлыктарына ээ болгон.
Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун курман болушу анын үй-бүлөсү, жакындары гана эмес, мамлекет үчүн дагы чоң жоготуу болгонун баса белгиледи. Президент Ниязбековдун жакындарына «Эрдик» медалын тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Үсөнбек Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйлоо (курман болгон соң) жөнүндөгү Жарлыгына Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы күнүнө карата, 2019-жылдын 27-августунда кол коюлган.
Үсөнбек Ниязбековдун апасы өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болуп, энелердин көз жашы төгүлбөсүн деген каалоосун билдирди. Өктөм Мамаева Мамлекет башчысына Кыргызстан элинин бакубатчылыгы үчүн жемиштүү иштөөсүн каалады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









