«Фейсбуктун» 400 миллиондон ашуун колдонуучусунун телефондору Интернетте тараган
Марк Цукерберг
Facebook социалдык түйүнүнүн 400 миллиондон ашуун колдонуучуларынын телефон номурлары Интернетте тарап кеткен. Бул тууралуу шаршемби күнү кечинде TechCrunch басылмасы билдирди.
Сыр сөз менен сакталбаган серверде социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын телефон номурлары камтылган жүз миллиондогон жазуулар бар.
TechCrunch билдиргендей, анда колдонуучулардын аты-жөнү, жашаган жери тууралуу маалыматтар да бар. Базага АКШ жашоочуларынын 133 миллион, Вьетнам жашоочуларынын 50 миллион, Британия жашоочуларынын 18 миллион аккаунту кирип калган.
Басылма бул маалыматтардын ачык жарыяланышы алдамчылар тарабынан SIM-карталарды алмаштырып коюуга, спам жөнөтүүгө жол ачышы ыктымал деп эсептейт.
Июлда АКШнын Федералдык соода комиссиясы колдонуучулардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткени үчүн Facebook компаниясына беш миллиард доллар айыппул салган. Бийлик менен түзүлгөн келишимдин алкагында компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жеке маалыматтарды бекем сактоо үчүн жоопкерчиликке тартылат.
«Фейсбук» компаниясына байланыштуу иликтөө 2018-жылы башталган. Анда журналисттер Дональд Трамптын президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө «британиялык «Cambridge Analytica» компаниясы социалдык тармактын колдонуучулары жөнүндө маалыматты колдонду» деп айыптап чыккан. Аталган маалыматтар шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04