KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында жарыктандыруу иштери жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарында жарыктандыруу иштери жүрүп жатат

Жалал-Абадды жарык шаарга айландыруу долбоору ишке ашырылып жатат.  Шаар көчөлөрүн түнкүсүн жарыктандыруу максатында чырактар орнотулууда. Аны Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин эмгек жамааты ишке ашырмакчы. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ишкананын жетекчиси Акылбек Нуркуловдун айтымында, түнкү жарыктандырууга жергиликтүү бюджеттен 270 миң сом бөлүнгөн. Азырга чейин 130 даана түнкү жарыктандыруучу чырактар  сатылып алынды.  Учурда түнкү жарыктандыруучу чырактар Б.Осмонов, Кыргыз Республикасы, Пушкин көчөлөрүнө орнотулуп бүттү. Шаардын дагы башка көчөлөрүнө кезеги менен түнкү жарыктандыруучу чырактар коюлат.

- Манас көчөсүнүн Шопоков, Кыргыз Республикасы көчөсү менен кесилишкен жерине чейин каналдын бойлорундагы тротуарларга түнкү жарыктандыруучу 40 даана чырак, 25 даана отургуч, 25 даана таштанды таштоочу урналар сатылып алынган. Жакынкы күндөрдө орнотулат. Буга жергиликтүү бюджеттен 280 миң сом бөлүнгөн, - дейт ал.

Эгер ушул долбоор толугу менен ишке ашса, Жалал-Абад шаары түнкүсүн жарык, жагымдуу болуп калары шексиз экенин мэриянын жетекчилери да тастыкташты.

 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13