АКШ Ирандын космос агенттигине санкция киргизди
Кошмо Штаттар Ирандын космосту иликтеген үч компаниясына каршы санкция киргизди. Бул тууралуу АКШнын каржы министрлиги билдирди.
Кеп Иран космос агенттиги, Космосту иликтөө борбору жана аэронавтика тармагында иликтөө жүргүзгөн институт тууралуу болуп жатат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын космос агенттигинин баллистикалык ракеталарды өнүктүрүү программасына түздөн-түз тиешеси бар деп эсептейт.
Кошмо Штаттар Иран космостук программасына жамынып, АКШга коркунуч жарата турган өзөктүк курал иштеп чыгышы мүмкүн деп кооптонууда.
Помпео бул санкция Иран менен космос тармагында кызматташууну көздөгөн эл аралык илимий коомчулукка эскертүү экенин белгиледи.
Өткөн аптада Ирандын "Хомейни" космодромунда жарылуу болгону аныкталган. Анда "Нахид-1" телекоммуникациялык спутниги аркылуу ракета ташыгычты учурууга даярдык көрүлгөн. АКШ президенти Дональд Трамп “Твиттердеги” баракчасына жарылуу болду деген жердин сүрөтүн жарыялап, буга Кошмо Штаттардын тиешеси жок экенин белгилеген.
Иран учурда космостук жана ракеталык программаларын өнүктүрүүдө. АКШ бийлиги Тегерандын космостук программасы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын бузуп жатат деп эсептейт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









