KELECHEK
rek

Секелектин төрөгөнүнө байланыштуу атасы камакка алынды

Секелектин төрөгөнүнө байланыштуу атасы камакка алынды

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл аймагында 14 жаштагы секелектин төрөгөнү тууралуу маалымат ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 29-август күнү белгилүү болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук милициянын басма сөз кызматы Нургүл Нусупова кабарлады.

Бул фактыга байланыштуу шектүү катары кыздын 53 жаштагы атасы кармалып, убактылуу тергөө абагына камакка алынды. Жазык кодексинин 161-беренесинин («Зордуктоо») негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалды.

- Учурда ымыркайды башка үй-бүлөгө бергени аныкталды. Арыз менен эч ким кайрылган эмес. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында белгилүү болуп жатат. Тергөөдө ата-энесине, жашы жете элек кызды төрөткөн адамдарга юридикалык баа берилет.

Чүй милициясынын маалыматына караганда, көз жарган секелек үйдүн эң улуусу. Ал учурда «Балдарды коргоо борборунда» психологдун жардамын алууда. Үй-бүлөнүн андан кийин эки уул, эки кызы бар.

Укук коргоочулар эрте төрөгөндөрдүн көбү зордуктоого дуушар болушарын жана кылмышкерлер жазасыз калып жатканын белгилешет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...