KELECHEK
rek

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, чырдын чыгышына Баткен районундагы Таш-Тумшук айылында такталбаган аймактагы жолго тажик тараптын асфальт төшөй баштаганы себеп болгон.

Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, ишти токтотууну талап кылган. Жергиликтүү эл да чогулган. Бирок тажик тарап таш менен ургулай баштаганда кыргыз чек арачылары асманга ок аткан.

31-августта эртең менен болгон бул окуя боюнча эки тараптын чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, жолго асфальт төшөө иши токтотулган.

Мамлекеттик чек ара кызматы учурда абал туруктуу экенин маалымдады. Азырынча Тажикстандын расмий органдарынын маалыматы айтыла элек.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, 24-августта Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылында чек ара чыры катталган. 15-20 тажик жараны короосуна тосмо куруп жаткан кыргызстандыктан ишти токтотууну талап кылып, ал жер тактала элек тилке экенин айтышкан.

Тажикстандын чек ара аскерлери 24-августтагы окуяга кыргыз тарап күнөөлүү экенин айткан. Мекеме тараткан расмий маалыматта кыргызстандык жаран тактала элек тилкеде курулушка тыюу салынганына карабастан май куюучу станция курганы жатканы айтылат. “Баткендин тургундары дайыма ортодо кабыл алынган протоколдорду бузуп, чагымчыл аракеттерге барышат” деп айтылат тажик чек арачыларынын билдирүүсүндө.

Быйыл июль айында кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу өтүп, анда чек ара маселеси талкууланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41