KELECHEK
rek

Майк Пенс: АКШ Орусия менен жаңжалда Украинаны колдоосун улантат

Майк Пенс: АКШ Орусия менен жаңжалда Украинаны колдоосун улантат

Владимир Зеленский менен Майк Пенс. Варшава, 1-сентябрь 2019-жыл

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Вашингтон Орусия менен жаңжалда Украинаны колдоосун улантып, анын аймактык бүтүндүгүн сактоо аракетине көмөктөшө турганын билдирди.

1-сентябрда Польшанын баш калаасы Варшава шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан Пенс АКШ Крым боюнча Киевдин мыйзамдуу талабы менен макул экенин айтты. Пенс менен Зеленский Польшага Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн барышкан.

АКШ Украина үчүн маанилүү өнөктөш. Вашингтон 2014-жылы Крым жарым аралынын аннексиясына жана Москванын Украин чыгышындагы жикчилдерди колдогондугуна байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Буга чейин Киевге барган АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Варшавада Зеленский менен Трамп жолугушуу мүмкүн экенин билдирген. Бирок АКШ президенти Флориадага жакындап калган катуу бороондон улам, бул сапарынан баш тарткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52