KELECHEK
rek

Финполиция: Бабанов бир топ иштер боюнча суралууда

Финполиция: Бабанов бир топ иштер боюнча суралууда

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бир катар кылмыш иштерине байланыштуу суралып жатканын ырастады.

Бирок бул боюнча «Азаттыкка» комментарий берген мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур алар кайсы иштер экенин ачык айткан жок.

«Жогоруда аты аталган жаран (ред: Өмүрбек Бабанов) бир катар кылмыш иштери боюнча күбө катары суралып жатат. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ал тез-тезден суракка чакырылууда. Жазык-процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөөнүн жүрүшү ачык жарыяланбайт», - деди Пискур.

Өмүрбек Бабанов 29-августта Финансы полициясына кезектеги суракка кирип чыккандан кийин, азыркы тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) ага байланыштуу төрт иш, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) дагы төрт иш иликтенип жатканын айткан. Тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча кол коюп бергенин жүйө кылып, ал иштерди ачыктаган эмес.

Ал эми УКМК «тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн» деп, Бабановго байланышкан иштер боюнча эч кандай маалымат берген жок.

Буга чейин белгилүү болгондой, Бабанов «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып боюнча УКМКга сурак берип жатат.

Ал эми Финансы полициясында «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу быйыл апрелде жанданган кылмыш иштери боюнча күбө катары суралууда.

Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Президенттик шайлоодон кийин Орусияга чыгып кеткен. Ал 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53