KELECHEK
rek

Британ ханышасы Брекзит алдында парламенттин ишин токтотту

Британ ханышасы Брекзит алдында парламенттин ишин токтотту

Британия ханышасы Елизавета II премьер-министр Борис Жонсондун парламенттин ишин токтото туруу боюнча сунушун канааттандырды.

Парламенттеги тыныгуу 9-12-сентябрь аралыгында күчүнө кирет жана 14-октябрга чейин созулат.

Өкмөттүн сунушуна ылайык, ханышанын парламенттин жаңы сессиясын ачкан салттуу кайрылуусу 14-октябрга белгиленип жатат. Өкмөттүн көз карашында, бул аралык Брекзит маселесин парламентте талкуулоого корой турган убакытты азайтат. Жонсон парламенттин ишин токтото турууну өкмөттүн жаңы программасын даярдоо жана жарыялоо үчүн колдоно турганын жана мунун Брекзитке тиешеси жок экенин айтууда.

Оппозиция Жонсондун кадамын депутаттарды Брекзит жараянына атайын катыштырбоо аракети катары баалап, бул Конституцияга каршы келе турганын билдирүүдө. Оппозиция өкмөттү бул аракети үчүн сотко берүүгө ниеттенүүдө.

Жонсон ЕБдан чыгуу кампаниясынын лидерлеринин бири.

Парламент Борис Жонсонго чейинки премьер-министр Тереза Мэйдин Брюссель менен түзүлө турган келишим тууралуу долбоорун үч жолу четке каккан. Жыйынтыгында бул кризис Тереза Мэйдин кызматтан кетишине алып келген.

Премьер-министрлик кызматка өткөн айда киришкен Борис Жонсон 31-октябрга чейин Британия ЕБ менен атайын келишим түзсө да, түзө албай калса да уюмдун курамынан чыга турганын жарыялаган.

Формалдуу түрдө Жонсондун өкмөтү парламентте минималдык көпчүлүккө ээ. Бирок анын партиясында дагы Брекзиттен келишимсиз чыгууга каршы чыккан депутаттар бар жана алар өкмөт башчыга тоскоол болуу үчүн оппозиция менен биригип кетиши мүмкүн.

Оппозиция референдум алдында эч ким шайлоочуларга Брекзиттен келишимсиз чыгуу ыктымалдуулугун эскертпегенин билдирүүдө. Талдоочулардын жана өкмөттүн эсебинде өлкө уюмдан келишимсиз чыкса, экономикага катуу сокку урулуп, медикамент, тамак-аш жана башка товарларды жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

2016-жылдагы референдумдун жыйынтыгы боюнча Британия Европа Биримдигинен быйыл 29-мартта эле чыгышы керек болчу. Келишим түзүлбөгөндүктөн, бул мөөнөт 31-октябрга жылдырылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52