KELECHEK
rek

Атамбаевдин ишиндеги айрым мүлк объектилери камактан чыгарылды

Атамбаевдин ишиндеги айрым мүлк объектилери камактан чыгарылды

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка коюлган мүлктөрүнүн 20сынан камак чарасы алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, камак чарасы алынган мүлктөрдүн арасында «Жал» кичи районундагы №77 турак үйдөгү 18 батир жана «Телерадио уюмдарынын ассоциациясы» уюму бар. Учурда башкы көзөмөл органы Атамбаевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү текшерүүнү улантып жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлган. Маалыматка караганда, мурдагы президенттин 25 банкта эсеби болгон. Мындан сырткары Атамбаевге жана анын аялына, «Кыргызавтомашка», «Апрель-ТВ» жабык акционердик коомуна тийиштүү деп кабарланган банктык уячалары камакка коюлду.

Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка караганда, беш автоунаа, төрт жер тилкеси (алардын экөө Кой-Ташта, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда), Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоо борбору, турак үй, Арашандагы жайыт, Кой-Таш менен Арашанда көп жылдык дарактар отургузулган үч жер тилкеси мурдагы президентке караштуу экени аныкталды. Ушунун бардыгына жана Раиса Атамбаевага караштуу үч автоунаа, батир жана Бишкектеги жеке менчик үй камакка коюлду. Камакка алынгандардын арасында «Кыргызавтомаштын» мүлкү, Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үй, ушул эле райондогу 18 батир, Ибраимов көчөсүндөгү үч батир, Матросов көчөсүндөгү киши жашабаган 39 имарат, ушул эле көчөдөгү жер тилкелери, соода үйү, дүкөн, кеңсе, темир жолу жана Матросов көчөсүндөгү резервуар, 18 цех, 9 кампа бар.

Мындан сырткары «Медиа Форум» ишканасынын мүлкүнө, Чолпон-Ата шаарынын курорттук аймагындагы бүтө элек эки объект, жер тилкеси камакка коюлду.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта тарапташтары менен жолугушууга чыккан учурда банктык эсептери жана уячасы жок экенин билдирген. Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган. Бүгүн шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырды. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53