KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары аэропортко жер берүүнү кийинкиге калтырышты

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары аэропортко жер берүүнү кийинкиге калтырышты

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары өткөн жумада болуп өткөн сессияда шаардагы аэропорттун учуучу тилкесин кеңейтүү үчүн 9 гектар тилкесин пайдаланууга берүү маселесин кызуу талаш-тартыштардан кийин кийинкиге калтырышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, сессияда Ош аэропортунун өкүлү депутаттар алдына чыгып, Жалал-Абад аэропорту мурда советтик “Як-40” сыяктуу самолётторду кабыл алып келгендигин, бирок кийинки кездерде аэропортко жаңы үлгүдөгү самолёттор каттап жатканын, эми мурдагыдай 1872 метрлик учуучу тилкеси жетишсиз болуп жатканын айтып, учуучу тилкени кеңейтүү, узартуу зарылдыгын түшүндүрдү. Ошол максатта аэропорттогу 9 гектар жер тилкесин узак мөөнөткө пайдаланууга берүү жагын суранды.

Эскерте кетсек, бул маселени шаар депутаттары мурда да карап, жер тилкесин узак мөөнөткө акысыз пайдаланууга берген чечим чыгарышкан. Бирок, ал мыйзамсыз кабыл алынгандыгы үчүн бул маселени кайра кароого туура келген. Себеби, муниципалдык менчиктеги жерди сатуу, же ижаралоо аркылуу гана берүү мүмкүн.

Айрым депутаттар бул маселе шаардыктардын кызыкчылыгына туура келерлигин, себеби шаардыктар башка тараптарга Ош шаарынан учуп, убара тартып жатышканын айтып, маселенин оң чечилишин жакташса, айрымдары каралып жаткан маселенин аки-чүкүсүн жакшылап карап, кийинки жыйындарда чечим кабыл алуу туура деп эсептешти. Айрым депутаттар минималдык ижара акысы менен мөөнөттүү пайдаланууга берүү керек дешсе, башкалары буга каршы чыгышты. Кызуу талаш-тартыштардан кийин бул маселени кийинки сессияда карай турган болушту.

Эскерте кетсек, кыйла тыныгуудан кийин быйылкы 13-июндан баштап Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек авиакаттамы кайра жанданган.    

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13