Нур-Султанда монстрация өткөрмөк болгон жаштарга айыппул салынды
25-августта Нур-Султанда полиция монстрация – жапырт көркөм акция өткөрмөк болгон ондогон улан-кыздарды кармап кетти. Акимчилик акция өткөрүүгө уруксат алынбаганын белгиледи.
Болбой калган акциянын катышуучулары Есил райондук полиция бөлүмүнө жеткирилген. Аларга карата “Коомдук тартипти камсыздоого катышкан адамдын мыйзамдуу талабына багынбоо” беренеси боюнча протокол толтурулган. Айрымдарына айыппул салынган. “Кахарман” укук коргоо кыймылынын өкүлү Алия Избасарованын айтымында, активисттердин бири өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген.
Алия Избасарова билдиргендей, жарандык активисттер плакаттардан тышкары уйлардын костюму менен “Эки уй өлкөнү сактап калууга даяр” деген жазуусу бар баннер даярдашкан. Полиция аларды жана башка буюмдарды алып койгон.
Активисттер бийликтин бул аракетине каршы арызданууга ниеттенишүүдө.
Прокурор Айдан Омаров кармалган кишилер бошотулганын, полицияда бир гана жигит калганын маалымдады.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев 21-августта бийликтеги “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин жыйынында, мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жаткан жарандарды сынга алып, жемелеген. Экс-президент элге "уй багып, сүтүн сатып, үй-бүлөңдү бак деп" билдирген. Бул сөз казак коомчулугунда нааразылык жараткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53