KELECHEK
rek

Ташкент базарында сакал койгондорго каршы рейд өттү

Ташкент базарында сакал койгондорго каршы рейд өттү

23-августта Ташкенттеги «Малика» базарында сакал койгондорго каршы рейд жүрүп, ондогон адам кармалды. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин сакалдары алынып, андан соң үйлөрүнө кое берилген.

«Рейд түштөн кийин башталды. Милиция кызматкерлери сакалчан адамдардын бардыгын кармай башташты. Алардын арасында мен да бар болчумун. Анда бизге сакалын албагандар түрмөгө камала тургандыгын айтып коркутушту. Буга макул болбогон айрым адамдар милиция бөлүмүндө калтырылды», — деди аталган базарда соода кылган ишкерлердин бири.

Ал ортодо рейд маалында кармалган адамдар Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине кайрылып, жарандардын сакалын мажбурлап алдыртуу тууралуу буйрук боюнча расмий түшүндүрмө талап кылышууда.

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынан укук коргоо органдарынын мындай аракеттери мыйзамсыз экенин белгилешти. «Сакал коюу ар бир мусулман баласы үчүн сүннөт болуп эсептелет. Жарандарды сакал койгондугу үчүн эле кысымга алуу мыйзамсыз», — деп билдирди мекеменин өкүлү.

Акыркы кездери Өзбекстанда бир аз сакалы өскөн студенттер сабактарга киргизилбей, көчөдөгү сакалчан адамдар кармалып, милиция бөлүмүнө суракка жеткирилип жатканы кабарланууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13