
Чырга себеп болгон чек арадагы курулуш иштери бир аптага токтотулду

Кыргыз-тажик чек арасында чырга себепчи болгон курулуштар бир апталык мөөнөткө токтотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймак башчысынын милдетин аткаруучу Акжол Абдуллаев билдирди.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч, топтолгон эл жок. 24-августта чек ара чырынан жабыркаган милиция кызматкеринин абалы жакшы. Ал Кулунду айылынын ооруканасында дарыланууда.
25-августта Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов менен Тажикстандын чектеш Гафуров районунун жетекчиси Зариф Назири жолугушуп, шарттуу чек арага жакын аймактардагы курулуштарды убактылуу токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Алар Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилерине атайын сунуш кат жазып, чек ара аймагында курулуш жүргүзүү маселесин чечип берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылышкан. Маселе бир жаңсыл болгонго чейин Тажикстан тарапта да курулуш иштери токтотулду.
24-августта Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылында чек ара чыры катталган. 15-20 тажик жараны короосуна тосмо куруп жаткан кыргызстандыктан ишти токтотууну талап кылып, ал жер тактала элек тилке экенин айткан. Тажикстандыктар анын курулушун буза башташкан. Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары жана милиция кызматкерлери барган. Тажик жарандары аларга таш ыргытып, колундагы куралын тартып алууга аракеттенишкен. Абал курчуп кетпеши үчүн кыргыз чек арачылары эки жолу асманга ок атканда чогулгандар тарап кетишкен. Кыргызстан тараптан бир милиция кызматкерине жана дагы бир жаранга таш тийип жабыркаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41