Орусияда жашаган тажикстандык кумса мекендештери тарабынан сабалды
Орусиянын Москва облусунда Тажикстандан барган кумса өз мекендештери тарабынан сабалды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы Москвадагы «Стимул» аттуу ЛГБТ тобуна шилтеме кылып билдирди.
Уюмдун юристи Антон Рыжовдун айтымында, 27 жаштагы Али аттуу жаранды ур-токмокко алды деген шек менен бир адам кармалып, дагы үчөөнө издөө жарыяланды.
Өзүн жыныстык азчылык топтордун өкүлү деп эсептеген Али соңку алты жылдан бери Орусияда кафелерде жана соода борборлорунда иштеп келген. Ал 22-августта «Стимулга» кайрылып, мекендештери андан акча талап кылып, «туура эмес жолго түштүң» деп сабап, мунун баарын видеого тартып алышканын айтып берген.
ЛГБТ өкүлдөрү менен 2015-жылдан бери иштеп келаткан «Стимул» уюмунун маалыматына ылайык, бул аларга тажикстандык жаран кайрылган биринчи учур болду. Буга чейин Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Түндүк Кавказдын өкүлдөрүнөн арыз-даттануулар түшкөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53