KELECHEK
rek

Трамп «Чоң жети» уюмунда Орусия боюнча пикир келишпестиктер бар экенин ырастады

Трамп «Чоң жети» уюмунда Орусия боюнча пикир келишпестиктер бар экенин ырастады

G7 саммити

АКШнын президенти Дональд Трамп «Чоң жетиге» (G7) мүчө өлкөлөрдүн арасында уюмдун кийинки жылы Нью-Йоркто өтө турган саммитине Орусияны чакыруу тууралуу пикир келишпестиктер бар экенин ырастады.

«Айрымдары мени менен макул, башкалары макул эмес. Орусиянын кийинки саммитке чакырылышы «позитивдүү» жана «пайдалуу» кадам болот. Бирок бул маселе боюнча талкуунун жыйынтыгында эч кандай чечим кабыл алынган жок», — деп билдирди Трамп Франциянын Биарриц шаарында өткөн «Чоң жети» саммити тууралуу айтып жатып. Ал буга чейин уюмдун 2020-жылкы саммитине Орусиянын чакырылышы «толук ыктымал» экенин бир нече жолу айткан.

France Presse агенттигинин маалыматына караганда, G7 лидерлери талкуунун жыйынтыгында бир катар маселелер боюнча Орусия менен активдүүрөөк кызматташуу тууралуу макулдашып, бирок бул өлкөнүн «Чоң жетиге» кайтып келишине «өтө эрте» деген чечимге келишти.

«Чоң жетиге» Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония кирет. 2014-жылга чейин уюмдун курамында болуп келген Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин андан чыгарылган.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиянын уюмга кайтып келүүсүнүн ачкычы «Украинада» экенин айткан. Германия дагы Украинада жаңжал уланып, Крым дале болсо аннексияланганын белгилеп, Орусиянын «Чоң жетиге» кайтып келишине каршы экенин билдирген. Канада менен Улуу Британиянын өкүлдөрү дагы ушул маанайда билдирүү жасашкан. Азырынча Италия менен Жапония лидерлери бул маселе боюнча позицияларын ачык билдирише элек.

Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония лидерлеринин эки күндүк жолугушуусу ишемби күнү башталган. Саммит АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу күчөп, Улуу Британияда Брекзит өнөктүгү кезектеги чечүүчү этабына келип, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү актуалдуу маселеге айланып турган чакта өттү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52