Тажикстандагы лөлү балдары мектепке бара баштады
Тажикстандын балдар акыйкатчысы жакынкы жылдары өлкөдөгү лөлүлөрдүн бардык балдары мектепке баргыдай шарт түзүлүшү керектигин билдирди.
Буга чейин өлкөнүн айрым аймактарында лөлү балдарын окутуу үчүн атайын класстар ачылган. Анда чыгыш цыгандарынын түрдүү курактагы балдары 1-класстан 4-класска чейин билим алышат.
Айрым эл аралык уюмдар тажик бийлигинен лөлү балдарынын билим алуусуна тиешелүү шарттарды түзүүнү талап кылып келишет. Өз кезегинде тажик өкмөтү улуттук ачылык өкүлү катары цыган балдарынын билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеп, бирок алар өзүлөрү окууну каалабай тургандыктарын билдирүүдө. Мындан тышкары лөлүлөр балалуу болгондон кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алышпайт, ошондуктан аларды каттоого алып, мектепке барууга мажбурлоо чоң көйгөй жаратып келет.
Буга чейин айрым лөлүлөр балдарын мектепке жибербегенинин себебин аларды курдаштары кемсинтип жатканы менен түшүндүрүшкөн.
Өлкөнүн балдар акыйкатчысы Ражабмох Хабибулло июль айында мектептерди кыдырып чыгып, аларда лөлү балдардын окуусу үчүн «бардык шарттар түзүлгөнүн» билдирген. Анын айтымында, быйыл жылдын экинчи жарымында өлкөнүн Дусти, Балхи жана Лахш райондорунда улуттук азчылыкты түзгөн үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке тартуу боюнча атайын программа иштей баштайт.
Расмий маалыматтар боюнча учурда өлкөнүн бардык мектептеринде лөлү үй-бүлөлөрүнөн чыккан 1 миң 329 бала билим алууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30