Жалал-Абадда борбордук базардын 2500 чарчы метр аянты күйүп кетти
Жалал-Абад шаарында 2019-жылдын 21-август күнү саат 00:33тө Бакиев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук базардан өрт чыккан.
Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2500 чарчы метр түзгөн соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен. Жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык №20 АӨКБдан 3 бөлүм, №58 ӨКБдан 1 бөлүм, Сузак райондук №65 ӨКБдан 1 бөлүм жана №59 ӨКБдан 1 бөлүм, ӨКМ облустук башкармалыктын ыкчам тобу, жалпы 6 бөлүм тартылган. Мындан сырткары РЭТ мекемесинен 1 бригада, тез жардам кызматынан 2 бригада, газ чарба кызматынан 1 бригада, Экотехинспекциядан 4 кызматкер, ИИМден 170 кызматкер, ЖКККБдан 2 экипаж тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 01:50дө чектөөгө алынып, саат 04:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, учурда өрттүн келип чыгуу себебин атайын эксперттик комиссия иликтеп жатат. Ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн комиссия жабыркаган соодагерлердин тизмесин түзүп, мыйзам чегинде жардам берүү жолдорун карашууда. Базар кайра калыбына келтирилгенче убактылуу сатуучу жай ачып берүү жагы да эске алынган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05