KELECHEK
rek

Mozilla менен Google казак бийлигинин коопсуздук сертификаттарына бөгөт коет

Mozilla менен Google казак бийлигинин коопсуздук сертификаттарына бөгөт коет

Mozilla жана Google компаниялары «казак бийлигинин өлкө ичиндеги интернет-трафикти колго алуу аракетине бөгөт коюу» максатында жаңы технологиялык чечимдерди ишке киргизет.

Mozilla компаниясынын расмий билдирүүсүндө мындай чечим казак интернет-провайдерлери браузерлерге «мамлекеттик сертификаттарды орнотууну» талап кылып жаткандыктан улам кабыл алынганы жазылган. Анда бул сертификаттар «өкмөттүн колдонуучулардын бардык маалыматтарына ээ болуусуна жол ача турганы» белгиленген.

«Биз мындай кадамга барууну каалаган эмеспиз, бирок колдонуучулар менен Интернеттин бүтүндүгүн коргоо — биздин браузердин базалык принциби болуп эсептелет», — деп билдирди компаниянын коопсуздук бөлүмүнүн директору Маршалл Эрвин.

Буга окшогон билдирүү Google компаниясынын расмий блогуна дагы жарыяланды. Анда жаңы технологиялык чечимдер «казак бийлигинин сертификаттарына бөгөт коё тургандыгы» жазылган.

«Биз бул конкреттүү көйгөй боюнча коргоо чараларын кабыл алдык. Мындан кийин дагы дүйнө жүзүндөгү колдонуучуларды коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрө беребиз», — деп белгиледи Chrome браузеринин технологиялар боюнча директору Парис Табриз.

Apple компаниясы алардын Safari браузеринде «коопсуздук сертификаттарын» бөгөттөө үчүн чаралар каралганын белгилеп, Qaznet Trust Network ишенимдүү сертификаттардын тизмесинен чыгарылганын билдирди.

Казакстанда «коопсуздук сертификаттарын» киргизүү иштери быйыл июлда башталган. Учурда өлкөнүн байланыш операторлору колдонуучуларга Qaznet Trust Network сертификатын орнотуу чакырыктары жазылган СМС-билдирүүлөрдү жөнөтүп, ал киберчабуулдар менен зыяндуу маалыматтардан коргой турганын билдирүүдө.

Бул технологияны киберкоопсуздук боюнча адистер менен укук коргоочулар сынга алып келишет. Алар өкмөттүн сертификаты маалыматтарды чогултууга жана колдонуучуларды аңдууга арналганын билдирип, бийлик анын жардамы менен өлкөдөгү интернетке көзөмөлдү күчөтүүнү көздөп жатканын билдиришүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...