Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту
Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту, 40 пайызы канализация системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштыруу учурунда маалым болду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоор Нарын шаарынын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого жана агып чыкма сууларды башкарууну өркүндөтүүгө багытталганын билдиришти.
Бул максаттарга ЕРӨБ тарабынан жалпысынан 6,2 млн евро каралган. Бул долбоордун алкагындагы курулуш иштери 2018-жылдын июнь айында башталган жана 2019-жылдын аягына чейин аяктоо болжолдонууда.
Алар Нарын облусунун ичүүчү суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо боюнча башка долбоорлор Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен ишке ашырылып жатканын кошумчалашты.
Мамлекет башчысы өлкө калкынын турмушуна тикелей тиешеси бар ушул сыяктуу социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жатышкан өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
Ал региондордун жашоочуларын таза суу менен камсыздоо маселеси анын өзгөчө жеке көзөмөлүндө турганын жана президенттик ишмердигинин эң башкы артыкчылыктарынын бири экенин эске салды.
Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Нарын шаарынын суу чарба башкармалыгынын жаңы имаратын көрүп чыкты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13