Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду үстүбуздөгү жылдын 7 айында 2,7 млрд сомго аймактык долбоорлорду каржылады
2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду 4,4 млрд сомго долбоорлорду каржылады, анын ичинен 2,7 млрд сом аймактарга каржыланды. 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2 эсе көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу 20-августта, Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.
Ал баса белгилегендей, каржылоонун көп бөлүгү аймактарга багытталууда, аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Талас, Нарын жана Баткен облустарында стартап-каржылоо боюнча өзүнчө программалар пилоттук тартипте ишке киргизилди.
«Мындан тышкары, аймактардын баарында жаңы баштаган ишкерлер үчүн стартап долбоорлорду каржылоо программасы башталды. Бул программа өзүнө окутууну дагы камтыйт, окутуу иш-чаралары облустарда бүгүнтөн башталды. Жалпысынан программа 2019-жылдын август-сентябрында ишке ашырылат», — деп айтты Эркин Асрандиев.
Мындан тышкары, Эркин Асрандиев каржылоо шарттарын жеңилдетүүнүн максатында кичи жана орто бизнестин субъектилерине пилоттук тартипте стартап-каржылоо боюнча программаларды киргизүү жана приоритеттүү багыттар боюнча сом менен берилүүчү насыялардын пайыздык чендерин 9 пайызга чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынганын баса белгиледи. Анын айтымында, бул чара жалпысынан өлкөнүн ишкерлери үчүн насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртышы керек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38