Чаткалда алтын фабрикасы ишке кирди (ФОТО)
Чаткалдагы «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке киргизүү аземине өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.
«Кичи-Чаарат» икашанасы 2008-жылы түзүлгөн, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунда жайгашкан. Куру-Тегерек жана Сулуу-Тегерек участокторунда чалгындоо иштери аяктагандан кийин алтын материалдарын чыгаруу башталган. Учурда фабрикада 529 адам иштейт, анын ичинде 419у жергиликтүү жашоочулар.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкананын өндүрүштүк объекттерин көрүп чыгып, технологиялык процесс менен таанышты.
«Инвестор алтын кен ишканасынын курулушуна жана тиешелүү өндүрүштүк инфратүзүмдү түзүүгө 220 млн АКШ долларынан ашуун салууда. Ишкананы зарыл көлөмдөгү кубаттуулук менен камсыздаган өзүнүн электр чубалгылары тартылды. Мамлекет өз кезегинде мындай инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Бирок ошону менен бирге алардын алдында конкреттүү талаптарды коет, айрыкча курчап турган чөйрөнү коргоо жана социалдык милдеттемелерди аткаруу боюнча», – деп белгиледи Абылгазиев.
Фабрика кызматкерлери премьерден айлыкты көбөйтүүнү суранышты. Учурда эмгек акынын орточо өлчөмү 16-19 миң сомду түзөт. Өкмөт башчы инвестор алтын кен ишканасында өндүрүш башталган соң биринчи кезекте ушул маселени чечүүгө милдеттенгенин билдирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38