Жалал-Абадда жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кылмыш изин суутпай ачууда өз салымын кошуп баштады
Үстүбүздөгү жылдын 4-июль күнү саат 15-00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Асел” фото салонунун тушунда Сузак районунун Ынтымак айылынын тургуну 1996-жылы туулган С.Уну бейтааныш азият улутундагы 20-25- жаштардагы 4 атуул уруп, бычак менен көкүрөгүнүн сол бөлүгүнүн колтук тарабына сайып, денесине жараат келтирген (непроникающий). Окуя болгон учурда патрулдук милициянын экипажы өз убагында жетип барып куткарып калган.
Бул окуя боюнча кылмыш изин суутпай шектүү болгон 4 атуулду кармашкан. Алар Спутник кичи шаарчасынын 1997-жылкы балдар экендиги аныкталып, кылмыш иши козголуп, бычак сайган бала убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Калган 3 бала үй камагында.
“Ал эми жабырлануучуга соттук медициналык экпертиза дайындалып, ооруканада жатат. Дарыгерлердин айтуусунда анын ден-соолугу (канааттандырарлык) жакшы абалда”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунда патрулдук милиция 2-июлдан тартып иштей баштаган. Ушул тапта облус боюнча 200гө чукул кызматкер эмгектенсе, бир суткада 3 нөөмөт менен 8 сааттан алмашып иштешет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05