Өзбекстанда 13 жаштагы өспүрүм төрт жашар кызды зордуктаган деп шектелүүдө
Пайарык районундагы медициналык колледждин имараты
Өзбекстандын Самарканд облусунун Пайарык районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жашап жаткан жатаканада төрт жаштагы кыз 13 жаштагы өспүрүм тарабынан зордукталды. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына окуянын күбөлөрү билдиришти.
Пайарык райондук ооруканасынан 1-август күнү аларга төрт жаштагы кыз сексуалдык зомбулукка кабылган деген шек менен жеткирилгенин ырасташты.
«Ал кызды тез жардам кызматы менен алып келишкен. Аны нөөмөттөгү дарыгер карап чыкты, бирок жакшылап текшерген жок. Кызды алгач милицияга, андан ары экспертизага жөнөтүштү. Анын зордукталган-зордукталбаганы соттук-медициналык жана акушердик-гинекологиялык экспертизалардын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот», — деди оорукана дарыгери.
Өз кезегинде аталган райондогу соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн дарыгери Вохид Абдурахманов экспертизанын жыйынтыктары тууралуу маалымат берүүгө укугу жок экенин билдирди.
Жатакана жашоочуларынын айтымында, өспүрүм төрт жаштагы кызды балмуздак менен алдап, обочо жерге алып барган.
«Биз мурдагы медициналык колледждин жатаканасында жашайбыз. Райондук акимчилик бул эки кабат имаратты жетим, үй-жайсыз жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берген. 13 жаштагы бала эжеси жана апасы менен жашайт. Төрт жашар кыз апасы жана таянеси менен турат. Өспүрүм кызга балмуздак берип алдап, обочо жерге алып барган. Анда аны зордуктаган же зордуктаганга аракет кылганы так белгисиз. Кыз ыйлап келгенден кийин биз тез жардам чакырдык», – деди кыздын коңшуларынын бири.
Аталган жатакананын дагы бир тургуну бийлик бул ишти «токтотууга» аракет кылып жатканын билдирди. «Алар баланын качып кетүүсүнө шарт түзүп беришти. Кыздын апасы болсо бардык жерге арыз менен кайрылып жатат. Коңшулар баланын үй-бүлөсү жатаканадан көчүп кетиши керектигин талап кылууда. Бирок аким келип, районду уят кылсаңар бардыгыңарды жатакандан кууп чыгам деп коркутту», — деди ал.
Ал ортодо Пайарык районунун социалдык маселелер боюнча орун басары Фаррух Олимов кичинекей кыздын зордукталгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05