KELECHEK
rek

Дубайда Тажикстандагы жарандык согушка катышкан талаа командири кармалды

Дубайда Тажикстандагы жарандык согушка катышкан талаа командири кармалды

Дубайда Тажикстандагы жарандык согуш маалында Элдик фронтту жетектеген мурдагы талаа командири (Хужа-командир) Хужи Каримов кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Умаржон Эмомалинин айтымында, учурда Каримовду Тажикстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатат. Экс-командир Душанбенин өтүнүчү менен Интерпол тарабынан кармалган.

13 жыл мурда Тажикстандан качып кеткен Хужа Каримов 2000-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Интерполдун маалыматына караганда, ал 1992-1997-жылдар аралыгында бир катар оор кылмыштарды жасаган деп айыпталууда.

Каримовго каршы 2005-жылы Тажикстанда козголгон кылмыш ишинде ал адам өлтүрүү, талоончулук, барымтага алуу, ошондой эле улуттук жана эл аралык мүнөздөгү башка кылмыштарга айыпталган.

Тажикстандан качканга чейин Хужа Каримов Коргоо министрлигинин атайын бригадасынын командиринин биринчи орун басары жана Тажикстандын футбол федерациясынын башчысы кызматтарында иштеген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...