KELECHEK
rek

Казакстанда полиция камактагы диссидент Арон Атабектин кызын бошотту

Казакстанда полиция камактагы диссидент Арон Атабектин кызын бошотту

Алматы шаарынын Медеу райондук полициясы камактагы акын жана диссидент Арон Едигеевдин кызы Айдана Айдарханды бошотту. Ал 14-июлда Алматыдагы Абайдын эстелигинин жанында адабий акция өткөрүп жаткан маалда кармалган.

Айдана Айдархандын кабарлашынча, полиция андан өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдор-колдобосун сураган. Ал бул уюмга тиешеси жок экенин айткан. Полиция кызга иш козгогон эмес, жөн гана митинг өткөрүү тууралуу мыйзамды бузбоо керектигин эскерткен.

- Полиция кызматкери мени үйгө алып барып таштамак болду, мен каршы чыктым. Ал мени алып кеткендиктен, жеткизип коюуга да милдеттүү экенин айтты. Биз болжол менен он мүнөттөй тартыштык. Анан жөнөкөй кийимчен бир киши келип, кете берсем боло турганын айтты, - деди Айдана Айдархан.

Айдана 66 жаштагы атасын колдоо максатында акция өткөрүп, аны камактан бошотууну талап кылган.

60 жаштагы акын 2007-жылы 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал полиция офицеринин өлүмүнө алып келген нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталган болчу. Атабек өзү күнөөсүн моюнга албай келатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53