Ворухта Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу күтүлүүдө
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон иш сапарынын алкагында чек ара чыр чатактары көп катталган Исфара районунун Ворух аймагына барат. Акыркы жолу тажик лидери бул жерде 1993-жылы болгон.
Эмомали Рахмон Исфарадагы иш сапары 20-25-июлга белгиленген. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, ал жерде Рахмон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугат.
Ворух айылдык кеңешинин төрайымы Мехринисо Рахматованын айтымында, жергиликтүү жашоочулар Тажикстан башчысын тосуу үчүн кызуу даярдык көрүшүүдө. “Биз үйлөрдүн тышын сырдап, жолдорду асфальттап жатабыз. Жашоочулар президенттин келишин чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Баардык маселелер оң жагына чечилет деп үмүттөнөбүз”,– деди ал.
Ворух айылдык кеңешинин жашоочулары Эмомали Рахмондун келиши менен жер, суу талаш, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана улут аралык келишпестиктер сыяктуу жаңжалдарга чекит коюлат деп ниеттенишүүдө.
Тажик-кыргыз чек арасынын узундузу 976 чакырымды түзөт, учурда алардын ичинен 504ү гана делимитация жана демаркацияланган. Чек ара сызыгы такталбагандыктан, маал-маалы менен жер, суу, чек араны кесип өтүү боюнча чыр-чатактар чыгып турат. Куралдуу кагылыштар болгон учурлар да бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









