KELECHEK
rek

Өзбекстанда президенттин сапары алдында бала бакчага карызга эмерек алынган

Өзбекстанда президенттин сапары алдында бала бакчага карызга эмерек алынган

Ташкент облустук мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы президенттин сапары алдында «Калдиргоч» бала бакчасы үчүн жеке дүкөндөрдөн карызга эмерек алып, акчасын кайтарып бере элек.

Дүкөн ээлеринин айтымында, кеп жалпы баасы 76 миллион сумдук (9 миң АКШ долларына жакын) эмерек жана тиричилик техникасы жөнүндө болууда.

«Президенттин аталган бала бакчага келээрине бир күн калганда биз жалпы баасы 76 миллион сумду түзгөн эмерек жана тиричилик техникаларын карызга бергенбиз. Ташкент облустук мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы биздин эсепке акчаны мамлекет башчы кеткенден кийин которууну убадалаган. Бирок андан бери бир ай өтүп, макулдашууда көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганына карабастан, биз акчабызды ала элекпиз. Алар жөн гана ишкерлерди алдап кетишти», – деди жеке дүкөндөрдүн биринин ээси.

Аталган мамлекеттик органдын өкүлү ишкерлердин бул билдирүүлөрүн ырастады. «Азырынча биздин каржы бөлүмүбүз акча бөлө элек. Кийинки жумада которобуз деп убадалашты. Биз бул темада ишкерлер менен сүйлөшүп, абалды түшүндүрдүк», — деди аткаминер.

Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев аймактарга жасаган сапарлары маалындагы «жасакерликти» сынга алганы менен, өлкөдө мындай учурлар дале болсо кеңири жайылган көрүнүш бойдон калууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13