KELECHEK
rek

Алматы: камактагы акындын кызы атасын колдогон акция маалында кармалды

Алматы: камактагы акындын кызы атасын колдогон акция маалында кармалды

13 жыл мурдагы Шанырак окуяларынан кийин камакка алынган акын жана диссидент Арон Едигеевдин кызы 14-июль күнү кечинде полиция тарабынан Алматыда кармалды.

27 жаштагы Айдана Айдархан аянтта атасынын ырларын окуп, поэтикалык акция өткөрүп жаткан. Акция маалында ал колуна атасынын сүрөтүн жана «Акын камакта» деген сөздөр жазылган кагаз кармап турган.

Акындын кызы бул акцияны 2006-жылы 14-июлда болгон Шанырак айылындагы окуяларга байланыштуу 18 жылга соттолгон атасын жана ушул эле иш боюча 16 жылга кесилген Курмангазы Утегеновду колдоп өткөрүп жатканын билдирди.

Бирок акция башталганына болжол менен 20 мүнөт болгондон кийин полиция кызматкерлери келип, Айдана Айдарханды кармап кетишти.

Арон Едигеев өзүнө тагылган «массалык башаламандык уюштуруу» айыбын четке кагып, абакта казак бийлигин сындаган ырларды жана макалаларды жазып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53