Идлибде орус-сирия операциясынан 500 киши өлдү
Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында өкмөттүк аскерлер орусиялык өнөктөштөрү менен чабуул жасап, 500дөй карапайым жашоочу мерт болду, эки миңден ашууну жаракат алды.
Аймакта аскердик операция эки ай мурун башталган. Бул тууралуу Reuters агенттиги Адам укуктары боюнча сириялык борборго таянуу менен билдирүүдө.
Укук коргоочулардын айтымында, орусиялык жана сириялык аскерлер жөнөкөй жашоочуларга атайлап сокку уруп, ооруканаларга бомба таштоодо. Буга чейин Human Rights Watch уюму чабуул учурунда кассеталык жана өрттөнүүчү курлдар колдонулуп жатканын кабарлаган.
Москва менен Дамаск бул маалыматты четке кагууда. Орусия куралчан сириялык оппозицияны ок атуу келишимин бузууга айыптоодо.
БУУнун маалыматы боюнча аскердик операциялар башталгандан бери Идлибден кеминде 300 миң киши качып, Түркия менен чек аралаш жерге барган. Баардыгы болуп аймакта үч миллион киши жашайт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04