Могерини Азимжан Аскаровдун маселеси талкууланып жатканын айтты
Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Кыргызстанда өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун маселеси талкууланып жатканын билдирди.
7-июлда Бишкекте «Европа Биримдиги - Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан соң «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна ал:
- Бул маселеге байланыштуу бардык суроолор талкууланып жатат. Маселе ачык-айкын жана конструктивдүү пикир алмашуунун негизинде талкууланып жатканын белгилейм, - деп жооп берди.
Федерика Могерини Бишкекке келерден бир жума мурун, 1-июлда адам укуктарын коргогон эл аралык сегиз уюм ага кайрылып, Азимжан Аскаровду боштондукка чыгаруу маселесин көтөрүшкөн.
Кайрылууда 68 жаштагы Азимжан Аскаровдун саламаттыгы начарлап кеткени, аны түрмөдөн чыгарып башка мамлекетке дарыланууга жөнөтүү зарылдыгы белгиленген.
2010-жылдагы июнь калабасындагы кандуу кагылыштар үчүн айыпталган Аскаров өмүрүн аягына чейин камалган. Аскаров күнөөнү мойнуна алган эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









