KELECHEK
rek

Жалал-Абадда 300 миң сом карактаган кылмышкерлер куралдарын имараттардын бирине катып коюшкан

Жалал-Абадда 300 миң сом карактаган кылмышкерлер куралдарын имараттардын бирине катып коюшкан

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнь күнү болжол менен саат 17.00 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл округуна караштуу Бишкек-Ош автожолунун 560 чакырымында, Ош областынын 1982-жылы туулган А.И. “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарына бара жаткан учурда, мамлекеттик белгиси жок кара автоунаа келип жолдун четине кысып токтотуп, бейтаныш, азият улутундагы жаштары болжол менен 25-30 чамаларындагы эки атуул, айдоочуну пистолет менен коркутуп, унаасындагы 300 000 (үч жүз миң) сом акчасын алып кол телефонун сындырып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.  

Аталган факт боюнча, кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБнын жана Сузак РИИБнүн кылмыш  иликтөө бөлүмү менен биргеликте ыкчам тобу иш алып барып,  натыйжада кылмышка шектүү катары төмөндөгү атуулдар кармалган;

-Жалал-Абад шаарынын  1994-жылы туулган  Д.А.

-Сузак районунун 1994-жылы туулган М.А.

-Жалал-Абад шаарынын тургунуМ.Ж. кармалышып,

Сузак РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү Ж.Мнын  көрсөтмөсү менен калыстардын катышуусунда Жалал-Абад шаарынын имараттарынын биринде темир бочканын ичинен аскердик сумкадан төмөндөгү куралдар алынган.3 даана 12 калибрдеги сайсыз мылтык (стволу кыркылган), 1 даана 16 калибрдеги сайсыз мылтык (стволу кыркылган), 1 даана  тапанча пистолет, бир даана магазини менен төрт огу менен алынып, алынган куралдарга карата соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

"Ошондой эле аталган кылмышка шектүүлөр  башка кылмышка тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тергөө иштери улантылууда", - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы..

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...