KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусунда

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусунда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантып, 4-июлда, бир күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды.

Иш сапардын алкагында Президент Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы баткендиктерге региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу, ирригация, таза суу боюнча улуттук долбоорлордун ишке ашырылышы, коррупция менен системалуу күрөшүүнүн негизги милдеттери жана сот-укуктук реформасын ишке ашыруу багытындагы жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири айтып берди.  

Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков чек араны тактоо, жерди трансформациялоо, кайра иштетүүчү өнөр-жай  ишканаларын ачуу, айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу,  дыйкандарды жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спортко колдоо көрсөтүү, социалдык объектилерди капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча бир катар суроолорго жооп берди.

Ошондой эле суроолорго тийиштүү министрликтер менен ведомство жетекчилери жеринде жооп беришти.

Мамлекет башчынын жергиликтүү эл менен жолугушуусу төрт саатка созулду.

Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы  Калкты тейлөө борборунун (КТБ) иши жана  Чет-Булак кварталындагы «Өнөр жай аймагын» курууга ылайыкташтырылган долбоор менен таанышып, Баткен шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунун жаңы  имаратын көрдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41