KELECHEK
rek

Ала-Бука районуна караштуу Кош-Болот айылында сайдан сел жүрдү

Ала-Бука районуна караштуу Кош-Болот айылында сайдан сел жүрдү

Бүгүн, 6-июль күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумагүл Эгамбердиева Ала-Бука районундагы кырдаалга байланыштуу жеринде чара көрүү максатында  Ала-бука районуна иш сапарга чыкты.

Үстүбүздөгү жылдын  05-июль күнү саат 16:00 чамасында  Ала-Бука районуна караштуу  Кош-Болот айылындагы сел өтүүчү сай Кош-Болот-Тенги жолунун үстүнкү бөлүгүндөгү колоттордон жана сугат каналдардан ашкан сел  суулар 20 турак жайдын подвалына  30 турак жайдын огородруна сарайларына  сел суулары кирген.

Совет–Сай  айылдарынын тургуну 1988-ж туулган  Раев Медербек  2-топтогу майып  кокту колоттон келген сел сууларына Курук сел сайына түшүп агып кеткен Өзбек Республикасынын  Касан-Сай районунун Абадан айылына жакын болгондуктан ошол жакка агып өтүп кеткен. Өзбек Республикасынын чек ара кызматкерлери тарабынан 06.07.16.ж саат 08:00 чамасында табылып  Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлери аркылуу жансыз денесин туугандарына  өткөрүп берген.  

1-май айыл аймагындагы Айры-Там жана Совет–Сай айылдарын район менен байланыштырган  автоуунаа  каттамы сел суулары  жууп кеткендиктен жол каттамы убактылуу токтогон .

Ажек айылындагы райондук суу чарба башкармалыгына караштуу сугат суу менен камсыз кылган лотоктордун 20 даанасын агып, Ажек сайынан келген сел сууларын өткөрүүчү сел сайдын жээктерин бузулган.

Учурда,  Көк-Серек  айыл аймагында  Теңги жана Кош-Болот  айылдарына баруучу ЖТИ-17 нин балансындагы жолдорду сел калдыктарынан тазалоого “Казакмыс” ишканасынан 1 бирдик автожүктөгүч жумушка тартылып жол каттамы бир багыттуу берилди.

1-май айыл аймагындагы Айры-Там жана Совет –Сай  айылдарын район менен байланыштырган 1-май айыл аймагына караштуу  жол каттамын сел суулары жууп жол каттамын тазалоого ЖТИ-17нан  ишканасынан 1 бирдик автожүктөгүч, 1 бирдик грейдир жана райондук суу чарба башкармалыгынан  1 бирдик автожүктөгүч жумушка тартылып калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...