Петербургда өспүрүм өзбекстандык мигрантты өлтүрүүгө айыпталууда
Орусиянын Ленинград облусунда 49 жаштагы өзбекстандыкты өлтүрүү шеги менен 15 жаштагы мектеп окуучусу кармалды.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Окуя Всеволожский районунун Лесколово кыштагында болгон. 28-июнда скутер тээп бараткан өспүрүм көчөдө өзбекстандык кишиге жол берген эмес. Экөө чатакташа кеткен. Мектеп окуучусу каршылашынын жүрөк тушуна бычак сайган. Ал жергиликтүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Сурак учурунда өспүрүм күнөөсүн мойнуна алган. Сот шектүүнү үй камагына бошотту.
Маркум Хикматулло Розиковдун артында эки баласы калды.
Өзбекстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу окуяны өз көзөмөлүнө алды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05