Атамбаев Бишкекте өтө турган митингге катышат
3-июлда Бишкектеги «Медиафорум» имаратынын алдында «эски элитага каршы» тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 30-июнда өзүнүн Кой-Таштагы үйүнүн алдында топтолуп турган тарапкерлеринин алдына чыккан учурда билдирип, митингге өзү да катыша турганын айтты.
Атамбаевдин тарапкерлери Интернетте келе жаткан шаршемби күнү "Соке болбой калды" деп аталган акция өтөрү тууралуу маалымат таратып жатышат. Анда митингде "эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!" деген чакырык ташталаары жазылган.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин "экс-президент" макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. Бийлик Атамбаев жана анын тарапкерлеринин митинг тууралуу маалыматына расмий комментарий бере элек.
Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан бери эл алдында биринчи жолу 30-июнда, Суусамырда Кожомкул балбандын 130 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөп, калкты ынтымакка чакырды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13