KELECHEK
rek

Сагынбаев: Сирияга кеткендер жасалма документтер менен кайтууга умтулууда

Сагынбаев: Сирияга кеткендер жасалма документтер менен кайтууга умтулууда

Сирияга кеткен кыргызстандыктардын арасында мекенине башка өлкөлөр аркылуу жасалма документтер менен кайтууга аракеттенгендер бар.

Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-июнда Бишкекте өтүп жаткан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин үчүнчү антитеррордук форумунда билдирди.

Анын айтымында, Сирияга барып, бирок ал жактагы согуштан көңүлү калган кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү жасалма документтер менен артка кайтып келүүгө умтулуп жатышат.

Форум «Евразия мейкиндигинде натыйжалуу коопсуздук архитектурасын түзүү: террорчулук менен экстремизмге чогуу жооп кайтаруу» деп аталат. Ага Дамир Сагынбаевден башка парламенттин айрым депутаттары, Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Алымбай Султанов, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген эксперттер катышууда.

Кыргызстандын укук коргоо органдары берген расмий маалыматтарга караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын 200дөн ашыгы курман болгон. Өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топко кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча 110 кылмыш иши козголгон. Чогултулган материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган.

Мурдараак Тышкы иштер министрлиги Сирия жана Ирактагы кыргыз жарандарынын дайын-дарегин аныктоо иши аяктап, учурда аларды мекенине кайтаруу маселесин талкуулап жатканын кабарлаган. Сириядан ондогон киши өз алдынча Кыргызстанга кайтып келген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53