Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын саны 900гө жетти (ФОТО)
Жалал-Абад облустук юстиция Башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнь күнү жарандарга бекер укуктук-консультациялык жардам берүү боюнча акциясын өткөрүшөт.
Аталган акция Кыргыз Республикасынын “Юристтер күнүнө” карата, калктын укуктук сабаттуулугун жогорлатуу жана укуктарын коргоо максатында өткөрүлүүдө, - деп билдирди Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун региондор аралык бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Камашов.
- Өзүңүздөр билгендей, Өкмөттүн токтому менен 26-июнь күнү юристтер күнү өтөт. Ошого Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан, калкка акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүү боюнча бир күндүк акция өткөрүп жатабыз. Ошону элдерге чагылдырып, жеткирүү ой-максаты менен чыгуудабыз. Акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүү боюнча бир күндүк акция Жалал-Абад шаарындагы “Айчүрөк” ЦУМдун жанында жана “Мир” кинотеатрынын алдында өткөрүлөт. Ал жерде облустагы төрт борбордон элдер келип акысыз укуктук-консультация алып кетишсе болот. Өткөрүлүүчү акцияда каалоочуларга Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери, мамлекеттик нотариус, адвокат жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан укуктук-консультациялык жардамдарды көрсөтүшөт.
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам 2016-жылдын 16-декабрында кабыл алынган «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде берилет. Бул мыйзамдын жаңы редакциясы өлкөдө өтүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын бардык эле жарандары мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык жардам алууга укуктуу. Мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардамдын эки түрү бар жана алардын субьектилери болуп төмөнкүлөр саналат:
Биринчи түрү – бул Консультациялык-укуктук жардам төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт. Элдер биздеги төрт борбордон: укуктук маалымат, укуктук маселелер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү алса болот. Ошондой эле, борборлордо арыздарды, даттанууларды жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзүүгө(буга процесстик мүнөздөгү документтер кирбейт), жактын квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам берилет. Экинчи түрү – бул квалификациялуу юридикалык жардам (тергөө, сот учурунда). Мамлекеттик реестрге киргизилген адвокаттар тарабынан төлөнүп берилет. Адвокаттардын акысы мамлекет тарабынан төлөнүп берилет , - дейт Э.Камашов.
Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын башкы адиси Акбар Эрматовдун берген маалыматына караганда, облустун аймагында акысыз юридикалык кеңеш берүүчү төрт борбор жайгашкан. Биринчи борбор – юстиция башкармалыгында, экинчи борбор - Базар-Коргон райондук акимчилигинде, үчүнчүсү – Кербенде, төртүнчүсү – Кара-Көл шаарында жайгашкан. Акысыз юиридикалык кеңеш берүү борборунун негизги максаты кандай? Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилиги менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндия ТИМнин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилетүүлүгүнө жетүү” долбоорунун, “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жана USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен ачылган. Аталган борборлор жарандарга акысыз негизде консультациялык укуктук жардам көрсөтүү үчүн "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" КР мыйзамын ишке ашыруу максатын көздөйт. Азыркы учурда бүткүл республика боюнча Юстиция миистрлигине караштуу 24 акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору иштеп жатат.
- КР Өкмөтүнүн атайын токтому кабыл алынган. Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү Концепциясын” ишке ашыруу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш алып барабыз. Мектептерге, ЖОЖдорго барып укуктук темада сабактарды өтөбүз.
Акысыз консультациялык-укуктуу жардамды алууга Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар укуктуу. Бул квалификациялык юридикалык жардамды алууга түрткү берет. Жарандык, административдик жана жазыктын сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүнүдө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү эң аз эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган (6 миңден) доогерлерге, жоопкерлерге, шектүүлөргө, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, жашы жете элек күбөлөргө берилет.
Жыл сайын акысыз консультациялык-укуктуу жардамды 7 миңге жакын жаран алса, быйылкы жылдан 5 айында 4,5 миңге жакын адам жардам алган. Негизинен кайрылган жарандар: жер, пенсия-пособие боюнча бизге кайрылышып, толук жана канааттандырарлык жоопторду алышат. Азыркы мезгилге чейин акысыз кеңеш алуу боюнча Жалал-Абад шаарында 150 адам кайрылган, - деди А.Эрматов.
“Квалификациялуу юридикалык жардам адвокаттардын катышуусунда көрсөтүлөт. Бул жардам 2012-жылдан тартып бир гана жазык иштери боюнча көрсөтүлүп келген болсо, 2019-жылдын январь айынан баштап жарандык, административдик жана жазык иштери боюнча юридикалык жардам адвокаттар тарабынан көрсөтүлүп жатат. Быйылкы жылдын башынан бери алты айга 900гө жакын жаранга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлдү”, - дейт Э.Камашов.
Анын айтымында, “Пробация жөнүндөгү” мыйзамы кабыл алынгандыктан, сотто иштери кайра каралгандар көбөйгөн. “Мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардам жөнүдөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине ылайык, квалификациялуу юридикалык жардамды: аз камсыз болгон жарандар, 1-2-топтогу майыптар, жашы жете элек балдар, психикалык оорудан жабыркаган адамдар, өтө оор кылмыш кылгандар, баатыр эне, жалгыз бой энелер жана Ооган, Баткен согушунун ардагерлери алууга укуктуу. Жогоруда аталган мыйзамдын негизинде жылдык кирешеси КР белгиленген (6 миң сомдон) өлчөмдөн ашпаган жарандарга кылмыш жасаган учурда мамлекет тарабынан бекер адвокаттар дайындалат.
“Биздин максат – Ммамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдын натыйжалуу системасын куруу, берилген жардамдын сапатын жакшыртуу, бардык адамдар үчүн адвокаттарга жана юристтерге бирдей жетүү мүмкүндүгүн, ийкемдүү механизмин, иштиктүү жол-жоболорун жайылтуу менен укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Учурда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Жалал-Абад облусунда мамлекеттик реестрде турган 37 адвокат иштеп жатат. Аларга тергөө жана сот иштерине катышканы үчүн 17,5 миң сом мамлекет тарабынан төлөнүп берилет”, – деди координатор Э. Камашов.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун региондор аралык бөлүмүнүн башкы адиси Э.Камашовдун берген маалыматына караганда, эгерде отчётту карасак, мисалы 2017-жылы 362 жардам көрсөтүлсө, 2018-жылы 426 квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Бул менен кайрылуучулардын саны жылдан жылга өсүп жаткандыгын көрүүгө болот.
Ал эми статистикага көз жүгүртө турган болсок, 2017-жылы мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Жалал-Абад облусунда мамлекеттик реестрде турган 36 адвокат иштеп, 300дөн ашык арыз катталып, жыйынтыгында 400 миң сомдун тегерегиндеги акча которулуп берилген.
Анархан Жаңыбаева, kogart.kg
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт
Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...
АНАЛИТИКА 2016-05-18 13:03
Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...
Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...
АНАЛИТИКА 2016-05-31 14:15
Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...
АНАЛИТИКА 2016-06-05 04:30
Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...
Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...
АНАЛИТИКА 2016-06-10 16:39
Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?
Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...
АНАЛИТИКА 2016-07-05 17:58
Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...
Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...
АНАЛИТИКА 2016-07-30 16:45
Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...
Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...
АНАЛИТИКА 2016-08-21 13:24