KELECHEK
rek

Швейцария Каримованын 133 млн. долларын Өзбекстанга кайтарат

Швейцария Каримованын 133 млн. долларын Өзбекстанга кайтарат

Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде алынган 133 миллион долларды Өзбекстанга кайтарып бергени жатат.

"Алты жылдан бери аягына чыкпай келаткан татаал кылмыш ишин тергөөдө Башкы прокуратура Өзбекстанда иш кылууну каалаган чет өлкөлүк компаниялардан ири суммада акча мыйзамсыз алган схема болгонун аныктады. Ал каражаттар чет өлкөдө, тактап айтканда Швейцарияда адалданган. Ошондуктан камакка алынган каражаттар Өзбекстанга кайтарылат", деп жазылат башкы көзөмөлдөөчү органдын расмий сайтында.

Швейцарияда Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнарага байланыштуу кылмыш иши 2012-жылы козголгон. Анын банктагы эсебиндеги 784 миллион доллар камакка алынган. Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда өзбек өкмөтү бул акчаны кайтарып алууга бир канча жолу аракет кылган.

Мунун алдында камактагы Гүлнара Каримова чет өлкөдөгү байлыгынан баш тартарын айтып, азыркы президент Шавкат Мирзиёевге кайрылды. Кайрылууну кызы Иман «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялады. Анда Каримова Мирзиёевден «гумандуулук кылуусун» өтүнгөн жана чет өлкөлөрдөгү банктарда сакталып турган 686 миллион доллар акчасынан баш тарта турганын билдирген.

Каримова азыр жаза мөөнөтүн Ташкент облусундагы №21 аялдар түрмөсүндө өтөп жатат. Бул жайга ал ушул жылдын март айында үй камагынан которулган.

46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы Ташкент облустук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийин бул өкүм беш жылга кыскартылган. Ага «Алдамчылык», «Чет элдик валютаны жашыруу», «Бажы мыйзамдарын бузуу», «Кылмыштуу жол менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу» сыяктуу беренелер менен айыптар коюлган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53